Мазмунга өтүү
Мына

Коопсуз бүтүм

2026-жылдын 1-августундагы редакция

Биз эсептешүүгө катышпайбыз, ошондуктан бүтүмдүн коопсуздугу сенин колуңда. Чын эле жардам бере турган нерселер төмөндө.

SMSтеги кодду эч качан айтпа

Код сен өзүң сайтка киргенде гана келет. Аны айтууну сураган ар бир адам — алдамчы, ким болуп таанышпасын.

Аянтчанын кызматкерлери код, сырсөз жана карта маалыматтарын эч качан сурашпайт.

Алдын ала акча которбо

Эң көп кездешкен ыкма — сатуучу «башка шаардан жөнөтө турган» товарды «броньдоо» үчүн акча сурап калат. Которгондон кийин байланыш үзүлөт.

Нерсе колуңа тийгенде, ошондо төлө.

Эл көп жерде жолук

Күндүз, борбордо, камералардын жанында болгону жакшы: соода борборунун, банктын, милиция бөлүмүнүн жанында. Кымбат сатып алууларга бирөөнү кошо ал.

Тааныш эместерди үйгө чакырба жана тааныш эмес батирге жалгыз барба.

Документтерди текшер

Автоунаа үчүн — техпаспорт, кузов менен кыймылдаткычтын номерлеринин дал келиши, күрөөнүн жана каттоо аракеттерине тыюунун жоктугу.

Кыймылсыз мүлк үчүн — укук белгилөөчү документтер, оордотуулардын жоктугу жөнүндө маалымкат жана менчик ээсинин сатып жаткан адам менен дал келиши.

Техника үчүн — көзүңчө күйгүзүп берүүнү сурап, иштешин текшер.

Алданып калсаң эмне кылуу керек

Кат алышууну, жарыяны жана маектешиң тууралуу бардык маалыматты сакта, ички иштер органдарына кайрыл жана жарыянын барагынан бизге даттан.

Даттанууну беш жумуш күнүнөн кечиктирбей карайбыз. Алдамчылардын аккаунттарын бөгөттөйбүз.